www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майрамда көп желген тамактарда туз көп экени айтылып, ал жүрөккө, бөйрөккө күч келтирери белгиленди.
Медицина илимдеринин кандидаты, диетолог Ирина Бережная Жаңы жылда кайсы тамактардан баш тартуу керектигин айтып, майрамда пайдалуу азыктарды сунуштаганын РИА новости жазды.
"Салат, кесилген эт, кызыл икра жана башка жаңы жылдык дасторконго койчу тамактарда туз абдан көп. Ден соолукка зыян делген азыктарды дасторкондон алып же аларды азайткан оң. Туз организмде сууну көпкө кармап, кан басымды жогорулатып, адамды шишитип, жүрөк менен бөйрөккө күч келтириши ыктымал", — деди дарыгер.
Диетолог дасторконго жашылча, чөп-чар кошулган азыктарды койсо пайдалуу болорун белгилеген.
"Жашылча, чөп-чарда клетчатка, антиоксидант, витамин абдан көп. Ошол эле учурда жашылчаны өтө көп жегенде табит бир аз төмөндөп, адам зыяндуу тамактарды көп жегиси келбей калат", — деди Бережная.
Буга чейин эндокринолог жана диетолог Оксана Михалева жаңы жылдык дасторкондо кайсы азыктарды аралаштырып жебеш керектигин айткан.
Булак: NazarNews.kg