www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдөгү" кен көзөмөлсүз, экологиялык жана өндүрүш чаралары сактоосуз иштетилген. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда "Кумтөр" боюнча жыйында журналисттерге Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди. 

--"Кумтөр Нарын жана Сырдарыя тутумунда топтолгон. Ошондой эле, узак мөөнөттөгү булгануусу жүрүп жатат. Кен Кумтөр дарыясынын башатында жайгашкан. Андан ары Нарын жана Сырдарыя дарыяларына куят. Ушунча жылдан бери кенде иштетилген сууну тазалоочу жабдык орнотулган эмес. Бул суулар чындыгында эле химиялык кошулмалар жана оор металдарды камтыйт. Словения, Германия жана Казакстандын улуттук ядердик борборунун адистери лабораториялык изилдөө жургүзүштү. Бардык анализ оор металдардын жана цианиддин олуттуу көбөйгөнүн көрсөттү. Бул заттар Кумтөр дарыясынын түбүндөгү чөкмөлөргө топтолуп, акыры дарыя тутумунун булганышына алып келет”, - деди Кутманова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости