www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Иорданиянын Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 63 килограммга чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын 8:5 эсебинде жеңди.

Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңди.

Алтын медаль үчүн беттеште Ирандын балбанына жеңилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости