www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маймыл чечеги боюнча абалды "саламаттык сактоодогу эл аралык мааниге ээ өзгөчө кырдаал" деп жарыялады.

ДССУнун акыркы маалыматына караганда, май айынан бери маймыл чечегин 70тей мамлекетте 16 миңдей киши жуктуруп алды.

Гебрейесус Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорунун жайылышын өзгөчө кырдаал деп жарыялоо боюнча бир чечимге келе албагандыктан, жеке өзү ушундай чечим кабыл алганын белгиледи. Ал оорунун жугушу башка аймактарга караганда Европада жогору экенин белгиледи.

Өзгөчө кырдаал деп жарыялоо - бул өкмөттөр кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизет дегенди билдирбейт, бирок өлкөлөрдү вакцина өндүрүүгө каражат көбүрөөк бөлүүгө түртүшү мүмкүн.

Маймыл чечеги кадимки чечектин бир түрү. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталганы үчүн ушундай аталып калган.

Вирустун түзүмү да кишинин чечегине окшош болот. Ооруну жугузуп алган киши алгач өзүн чарчаңкы сезип, булчуңдары, далысы ооруй баштайт. Андан кийин дене табы көтөрүлүп, башы ооруйт. Бездери шишийт. Көп өтпөй адамдын бетинде бүдүрлөр пайда болуп, ыйлаакчага айланып, алаканга жана таманга жайылып, дененин башка бөлүктөрүн басып кетет. Ыйлаакчалар кычышып, оорутушу мүмкүн. Оору эки же төрт жумада өзү айыгат, адам каза болгон учурлар да бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости