www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дубайда массалык мушташтан кийин Өзбекстандын 15 жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.

«Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын жана Өзбекстандын 15 жараны кармалганын билдирди. Соңку учурда өзбек жарандарынын арасында мыйзам бузуу көбөйүп жатканы белгиленип, бул жагдай эки өлкө ортосундагы визасыз режимге таасир этиши мүмкүн экени айтылды», — деди Бурханов.

Мушташ тууралуу маалыматтардан кийин интернеттин өзбек сегментинде БАЭ бийлиги өзбекстандыктарга өлкөгө кирүүгө тыюу салды деген кабарлар тараган.

Бирок Бурханов бул маалыматты төгүндөп, Ташкент менен Абу-Дабиyby ортосунда визасыз режим күчүндө экенин билдирди.

Последние новости