www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Малайзиянын Сабах аймагында экинчи жолу дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылды.

Малайзия басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда араларында Оксфорд жана Ноттингем университети менен Түштүк -  Чыгыш Азия жамгыр токойлорун изилдөө группасы өлкөнүн Борнео аралында орун алган жана мындан мурда дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы табылган Сабах аймагында андан мурда табылган дарактан дагы узун даракты табышты.

Узундугу 100, 8 метр экендиги белгиленген меранти дарагы мындан мурда ошол эле аймакта кездешилген  94, 4 метр узундугундагы ошол эле түрдөгү дарактын рекордунан ашып, дүйнөнүн эң узун тропикалык дарагы катары каттоого өттү.

Бул узун даракка Ундинг Жами аттуу жергиликтүү кишинин дарактын учуна чейин чыккандыгы жана узундугун метрдин жардамы менен өлчөлгөндүгү билдирилди. Дарактын салмагы болсо 81, 5 тонна экендиги жана ичинде 1000 түрдүү курт  - кумурска, өсүмдүк жана козу карындын түрлөрү бар экендиги белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости