www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл борбор калаадагы 600дөн ашык мекеме-уюмдар өз имараттарын жаңы жылга карата кооздоп, балатыларды орнотушууда. Алардын даярдыктары, албетте, ар кимисинин каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болот, алар бизди анча деле кызыктырбайт, бирок 2019-жылды тосууга Ала-Тоо аянтынын адаттан тышкаркы жасалгалангандыгы шаардын тургундарын, конокторду ыраазы кылууда. Бийиктиги 25 метрлик жаңы жылдык жасалма балатыны орнотуп, аны, аянттагы имараттарды диоддук атайын жарыктар менен кооздоого бардыгы болуп 6 миллион 848 миң сом жумшалыптыр.

Бул азбы же көпбү? Бардыгы салыштыруулардан билинет. Эгерде аянтты кооздоого кеткен быйылкы чыгымдарды мурдагы жылдарга салыштырсак, 2016-жылы декабрда 15 миллион 130 миң, ал эми 2017-жылы 18 миллион 948 миң сом сарпталган. Быйыл шаардык мэрия мурдагы жылдарга салыштырганда эки эсе аз чыгым жумшоо менен эле өлкөнүн негизги аянтын мурдагыдан да мыкты кылып кооздоп салды. Муну көрүп туруп;  “аз чыгым менен деле көп иштерди бүтүрсө болот экен го, мурдагы жылдарда ал чыгымдардын жарымы кай жактарга кеткен?”- деген мыйзам ченемдүү суроолор жаралат  экен. Чындыгында эле товарлардын, кызмат акылардын баалары аз-аздан болсо да жылдан жылга өсөт, арзандабайт, борбордук аянтты жасалгалоонун баасы кымбаттагандын ордуна эки эсе азайгандыгын көргөнүңдө андай күдүктөр өзүнөн-өзү пайда болот.

Тилекке каршы, борбордук аянтты 2017, 2018-жаңы жылдарга карата жасалгалоодо коррупциянын белгилери болгондугу айтылууда.  “Дело №” гезити жазган маалыматка таянсак, борбордук аянтты эки жыл катары Игорь Кичкин деген адам жетектеген “Гранд ПРО” менчик ишкана жасалгалап келиптир.  Мэрия жаңы жылды жасалгалоого тендер жарыялаганы менен ага И.Кичкиндин ишканасы гана катышып, ал дайыма утуп алчу экен. Бул тендер өткөрүү жөнүндөгү  укук-ченемдик актыларга да ылайык келбейт. Эгерде бир эле субьект катышса, анын эмнеси тендер?  Мында кошумчалай кетчү нерсе, “Гранд ПРО” борбор калаадагы “Нооруз”, Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдарда да  борбордук  аянтты жасалгалоочу болуп жүргөн.

Тергөө органдарынын маалыматтары боюнча, ага 2016-жылы мэриянын бюджетинен 2 миллион 19 миң сом мыйзамсыз которулуптур. Анткени, долбоордо каралган анчалык көлөмдөгү ишти “Бишкексвет” муниципалдык  ишканасы аткарыптыр. “Тамакты жегенде ичтей ачылат” деген сөз бар. Анын сыңарындай, 2018- жаңы жылга карата шаардык  мэрия  “жаңы  жылдык концерттин режиссурасы” үчүн деген формулировка менен 3 миллион 300 миң сом бөлгөн. Режиссёрдун  ашып кетсе бир жумага (репетицияларын кошкондо) жетпеген кызматынын мынчалык жогору баалангандыгы кимди болбосун таң калтырат. Мынча акчаны Кыргызстандагы көркөм кино картиналарды тартып жаткан режиссёрлор да албайт болуш керек. Анан дагы бир жагдай, Кытай өкмөтү белекке берген, көп жылдар бою кызмат кыла турган жасалма балаты эки жыл катары  кооздогучтары менен жылда жаңы сатып алынган катарында “оформить” этилип келиптир.

Мына окурман, коррупция кантип жасалып, акчалар кантип уурдаларынын бир көрүнүшү. Демек, Ала-Тоо аянтын кооздоого байланыштуу да шаардын мурдагы жетекчилигине кылмыш ишин козгосо болот.

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости