www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланууда.

Мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип, демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбакпаев бүгүнкү күндө ак калпак өлкөнүн визиттик карточкасы болуп калганын айтты.

"Тилекке каршы, калпакты итке кийгизген фактылар да болду. Бул мыйзам долбоорунда улуттук баш кийимди коргоо меселеси көтөрүлүүдө. Аны шылдыңдоого жол бербеш керек", - деди депутат.

Анын айтканына депутат Дастан Бекешев: "Жазылган жана жазылбаган эрежелер бар. Жазылгандарына мыйзам кирет, ал эми жазылбагандарына үрп адат, адеп-ахлак жана башкалар кирет. Каада салтты, үрп-адатты мыйзамдаштыруунун өзү туура эмес. Мындан кийин комуз, боз үй, элечек жөнүндө мыйзам долбоорлору да келет анда", деди ызаланган депутат.

Экмат Байбакбаев: "Ак калпакты коргойбуз", - деп жооп узатты.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости