www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районундагы үйлөрдүн биринен экстремисттик маанидеги материалдар алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан экстремисттик аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана аларга карата бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн.

Сокулук районунан 48 жаштагы Б.К. аттуу тургуну тыюу салынган диний көз караштагы материалдарды жайылтууга шектелип кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жарандарды үндөгөн Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдун мүчөлөрү аныкталып, алардын бири жашаган Аламүдүн районундагы үйлөрдүн бирине тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда 6 китеп, 19 баракча жана башка тыюу салынган диний көз караштагы материалдар жазылган бир нече брошюралар алынган. Алынган материалдарда: «Аль-Ваъи саясий», «Идарий Топтом», «Халифалык мамлекетиндеги малия» жана башка маанидегилер болгон. Баардык материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости