www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТО Түркияны Сирияда баштаган аскердик операциясын жүзөгө ашырууда аша чаап кетпөөгө чакырды. Бул тууралуу Римде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирди:
- Түркия Сириянын түндүгүндө көрүп жаткан аракеттеринде аша чаппастан, кылдат аракет кылат деп ишенгим келет. Биз өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган жалпы душманыбызга каршы бирге жетишкен ийгиликтерибизди коркунуч алдында калтырбашыбыз керек. Себеби бул террордук топ дале болсо Жакынкы Чыгышта, Түндүк Африкада жана биздин өлкөлөрүбүзгө кооптуу болууда.
Столтенберг бул маселени 11-октябрда Стамбулда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен пландалып жаткан жолугушууда да талкуулай тургандыгын кошумчалады.
Шаршемби күнү Түркия Сириянын түндүгүндө аскердик операция баштаганын жарыялап, күрд кошуундарын жана чөлкөмдөгү "Ислам мамлекети" тобун бутага аларын жарыялады. Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эль-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.
Түрк армиясынын бул операциясы АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарыларын билдиргенден бир нече күндөн кийин башталып жатат.