www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бирок, Гоголдун бир каарманы “а в душу заглянешь, обыкновенный крокодил” деп айткандай, алардын чыныгы натуралары кандай экендиктерин билүү үчүн “жан дүйнөлөрүнө” үңүлө кароонун деле кажети жок.

Бизде интеллигенция барбы?

Ушул жылдын 7-8-августундагы окуялардан кийин: мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин бир жылга созулган экстремисттик, трайбалисттик чакырыктарына эмне үчүн жердеш аксакалдары, интеллигенциянын өкүлдөрү ачык каршы чыгышып, аны эсине келүүгө, от менен ойнобоого чакырышпады?

7-августта 4-5 дүжүр серепчиден, Топчубек Тургуналиевден башка “демейде ЖМКларды экинчи үйү кылып алышкан аксакалдардын, серепчилердин, эксперттердин даректери чыкпай калды?” - деген суроолор көбөйдү.

Эгерде АША экстремисттик чакырыктарын баштаганда эле таасирдүү аксакалдар, чиновниктер ага барышып, саясат менен алектенгиси келсе да элди бөлүп жарууга аракеттенбешин эскертишсе, мүмкүн, окуя кандуу кагылышууларга чейин жетмек эмес. Антмек түгүл анын андай чакырыктарын окумалдардын айрымдары ачык колдошсо, көпчүлүгү тымызындан табалай карап, тирешүү, тытышуу канчалыктереңдесе, бизге ошончолук жакшы дегендей кымыңдап, жымыңдап турушкандыгын көрүп эле жүрбөдүкпү.

Мына ушундан уламинтеллигенциянын эл үчүн чындап күйүп, эл үчүн, элдин биримдиги үчүн А.Сыдыков менен Ж.Абдрахмановдой жандарын да аябай турган өкүлдөрү калганбы же...? - деген мыйзам ченемдүү суроо пайда болот. Буга жооп берерден мурда, “бизде интеллигенция делген социалдык катмар барбы?”- деген маселени тактап алуу керек.

Эмнегедир бизде жогорку билимдүүлөр, мамлекеттик, муниципалдык органдарда, илимий, чыгармачыл мекемелерде иштегендердин баары интеллигенттер делинип эсептелишет. Биринчи кезекте алар өздөрүн ошентип эсептешет.

Буга кошулсак, бизде интеллигенция делген топко киргендердин сандары жүз миңдеп саналат, аларга 60 университет жыл сайын ондогон миңдеген дипломдууларды кошуп жатышат. Бирок, орус окумуштууларынын пикирлери боюнча, интеллигенция деген топко билимдүүлөрдүн, билимдүүлөрдүн баарын кошконго болбойт.

Саясый, моралдык терең жоопкерчилик, жарандык активдүүлүкмененайкалышпаган билим, илим, кызмат-даража окумалдыкты гана билдирет, ал интеллигенция деп аталбайт. Жогоркубилимдери жоктордон деле мыкты интеллигенттер чыгышы мүмкүн.

Интеллигенция деген нагыз түшүнүк илим-билимге эмес, негизинен адамдардын жан дүйнөлөрүнө, моралдык, руханий сапаттарына тиешелүү категория болуп саналат. Билими жоктордон деле дүйнөлүк деңгээлдеги чыныгы интеллигенттер чыгышкан.

Дүйнөлүк тарыхка кайрылбайлы, маселен кыргыздын улуу манасчы, жомокчуларын, күүчүлөрүн, Курманжан датка, Полот хан, Абдылдабек, Кыдыр аке, Сарт аке сыяктуу инсандарды ким интеллигент эмесдеп айта алат?

Тилекке каршы, биз жөн эле кара жанын эптеп багуу үчүн ар кандай жолдор менен дипломго ээ болгон окумалдардыинтеллигенттер деп адашып жүрөбүз. Ток этеринайтканда, бизде Батыштагы кайра жаралуу, Орусиядагы декабристтердей, батышчылдардай, славянофилдердей элдин азабын өз моюндарына алгысыкелгенинтеллигенттер жок. Биздин интеллигенттер дегенибизат үстүнөн, уруктук, уруулук“ блюдалар” кайнатылган казандардан секирип келип, дипломдорго ээ болуп, үстөлдөргө, билимий-илимиймекемелерге отуруп калгандар.

Алардын басымдуу көпчүлүгү өз “блюдалары” кайнатылган казандардан узай албай жатышкандарын көз карандысыздыктан берки окуялар көрсөтүп келет.

Тарыхый өзгөчөлүктү эске алып, чындыкка тике кароо зарыл Түндүк Кыргызстандын уруулары 1785-жылдан тартып, Омскиге, Оренбургга, Петербургга кайра-кайра өтүнүчтөрүнө белек-бечкектерине кошо өкүлдөрүн жөнөтүп жүрүп, Орусия империясына кошулушса, түштүк Кыргызстандын элин Орусия баш аягы 15 жылга жакын согуштан кийин багындырып, өз курамына кошкон.

1785-жылы Омскиге биринчи өкүлдөрүн жөнөткөн бугу уруусунун лидерлери Орусияны ашкере жакшы көргөндөн улам кайра-кайра суранып жүрүп, анын букаралыгына өтүшкөн дейсизби?

Жок. Жанындагы сарыбагыштардан коркушкандан, алар жандарына тынчтык бербей жүдөтүп бүтүшкөндөн улам тезирээк империянын курамына кире качууга ашыгышкан. Чүйдөгү ж.б. аймактардагы уруулардын билермандары деле негизинен мына ошондой максаттарда Орусияга кошулууга шашылышкандыгын, алардын айрымдары баскынчыларга жол көрсөткүч болуп, кээде өз элине каршы согушуп жүрүп, подполковниктин деңгээлиндеги чиндерге, сыйлыктарга ээ болгондугун тарыхтан жакшы билебиз. Алардын айрымдары баатыр деп аталып да жүрөт.

Эгерде баскынчыларга кошулуп алып өз элине каршы согушкандар баатыр делинсе, анда бизде “баатыр” деген түшүнүк да деформацияланган, бузулган. Азыркы муундардын андай жаңылыштыктары кийинки муундарды таң калтырмак түгүл, уялтат болушу керек. Түштүк Кыргызстандын эли Чыңгыз хандын тукумдары улустарга бөлүп, ээликтешкенден бери мамлекеттик башкаруунун формасында жүрүштү. Кокон хандыгында бир жарым кылымдан ашык убакыт жашашты. Алардын бийликтери түндүк Кыргызстанга бирде жетсе, көбүнчө жеткен деле эмес. Октябрь төңкөрүшүнө чейин уруулук түзүлүштө гана жашап келишти. 1842-жылы Ормонду он чакты уруунун лидерлериформалдуу түрдө хан көтөрүшкөн мененага баш ийишкен деле эмес.

Мына ушундай тарыхый өзгөчөлүктөргө байланыштуу Кыргызстандын түштүгүндө уруулук сезим, түшүнүк баштапкы маанисин жоготуп, жамааттык сезим үстөмдүк кылып баратса (мисалы, Аксы районунда жыйырмадан ашык уруунун өкүлдөрү жашашкандыгына карабастан убагында алардын баары А.Бекназаровду колдошсо, кийин белгилүү себептерден улам тегиз тескери бурулуп кетишкендери да чындык), республикабыздын түндүгүндө уруулук сезим дагы деле күчтүү бойдон калып келатат.

Чындыкты танып, фарисейлик кылуунун кереги жок, бул реалдуу факты, тарыхый обьективдүү өзгөчөлүк. Ошондуктан жөнөкөй адамдардын андай сезимдерине белгилүү өлчөмдө түшүнүү менен кароо зарыл, бирок өздөрүн интеллигенттербиз деп эсептешкен, дүйнө таанып, аздыр-көптүр көздөрү ачылганокумалдардын дасезилерлик бөлүгүнүн алигече андай сезимдерден чыкпай келе жатышкандары өкүндүрөт.

Айныгыс чындык Ырас, эл атынан сүйлөп, күйүп-бышымыш эткендер көп. Андайлар шайлоолордун алдында иттин бүргөсүнөн да көбөйүп кетет. Бирок, Гоголдун бир каарманы “а в душу заглянешь, обыкновенный крокодил” деп айткандай, алардын чыныгы натуралары кандай экендиктерин билүү үчүн “жан дүйнөлөрүнө” үңүлө кароонун деле кажети жок. Оркоюп-коркоюп ачык көрүнүп турган (көрүнбөгөндөрү канча дейсиз)иштерине эле көз жүгүртсөң, айрымдары крокодилден да коркунучтуурак “жаныбарлардан” экендиги айкын болот.

Бирок, алар “мен гана акылдуумун, эл билбейт, эл аңкоо, эмнелерди айтсам ишене беришет” деген ойдо ооздоруна батканды сүйлөй беришет. Бул да “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин”, эртең эмне болсо, ошол болсун деген көчмөндүк психологиянын калдыктары. Эл бардыгын билет, көрүп турат, бирок жөн эле андайларга теңелип, алардын деңгээлдерине түшкүлөрү келбейт. Апыртмаларын угуп, ыгы келсе, алардан бир нерселерди өндүрүп алгыларыгана келет. Ушундан улам өткөн парламенттик шайлоолордун бириндеги окуя эске түшөт. Алкомагнаттардын бири партия түзүп, шайлоо алдындагы жарышка кошулганда аны улама, ажы, селделери казанбактай молдолордун жоон тобу коштоп, үгүтчү болуп, ошого добуш берүүгө чакырып жүрүштү.

Тообо, молдокелер арак чыгаргычтардын үгүтчүлөрү болуп алышкан жерде дин, тазалыкжөнүндө сөз кылууга болобу? “Эл бузулардан мурда анын молдолору айныйт” - деген чын окшойт.

Кыргыздардын баары бузулуп баратышат дегенден алыспыз, бирок ойлондурарлык көп нерселер бар. АША снайпердик винтовкасы менен бункерине жашынып алып, алтыжолу атып, бир жоокердиөлтүрүп, төртөөсүн жарадар кылгандыгын, барымтага алынган6 “альфачыны”уруп, сабап, опузалап атыпжатышкандарды кайдыгер карап тургандыгын өзү айтып жатса да, аны ачык, жашыруун колдоочулар чыгып жатышпайбы. Орус серепчилери АШАны “саясый жактан өлдү” деп ачык эле жазып жатышат, диндерде деле атайылап адам өлтүргөндүнжаны тирүү жүрсө деле өлгөн катары эсептелет, бирок биздеги айрым саясатчылар адам өлтүргөндүгүнө, эми ал эч качан мурдагы аты түгүл, затына да ээ боло албастыгына карабастан колдоп, андан дагы деле кутум үмүттөрүнүзүшө электиги айрымдардын эбак эле моралдык деградацияга батып, ак менен караны айрый албай калышкандарын көрсөтөт.

Коомдо мына ушул айтылгандардай саясый гана эмес, адеп-ахлактык, моралдык, инсанияттык түшүнүктөр да алмашып, коом моралдык кризиске батып, экстремисттик, трайбалисттик чакырыктар күчөпжаткан мезгилде, аларга каршы мыйзамдарды сөзсүз катаалдантуу керек. Мындан ары экстремисттик, трайбалисттик чакырыктар менен чыгып, аймактарды бири-бирине кайраштыруугааракеттенгендер ошол замат адекваттуу өз жазаларын алуулары зарыл. Антпесе аны айрымдар оюнга айландырып алышты, социалдык тармактарда нелер гана айтылууда, жазылууда.

Алардын айрымдары гана тартипке чакырылышпаса, басымдуу көпчүлүгүнө укук коргоо органдары көңүл деле буруша элек, жөн эле билишпейт окшойт. Коомдо саясый, адеп-ахлактык баш аламандыктар күчөп, моралдык кризис тереңдеп баратканда, ал катаал чаралар менен гана тартипке келтирилери тарыхта эбак ырасталган. Элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү эч качан эриккендер, зериккендер, ич күптүлөрү барларэрмектешкидейоюнга айландырылбашы керек, деп "Майдан.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости