www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда президенттик аппарат бир ыргакта иштеп атса керек. Демек, кадрдык кан жаңыртуу мезгили жакындадыбы?

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Россиядагы толук жана ыйгарымдуу элчи Аликбек Жекшенкуловду президенттик аппаратка дайындоо идеясы көтөрүлгөнү, демилге жылуу колдоого алынып атканы каңкууланды.

Профессионал дипломат, тажрыйбалуу кадр катары Аликбек мырза кыска аралыкта Россия менен Кыргызстандын алакасын жакындатып, соода - экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда салым кошууда. Эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда «көпүрө» болуп, ийгиликтүү эмгек өтөп атат.

О.э. Москвадагы Кыргызстандын элчилиги баштагыдай дымып жатпай, мигранттар менен кызматташууда жаңы барак ачканы да кубандырат. Жогорку жетекчилик Жекшенкуловдун мындай тажрыйбасын, билимин баалап, президентгик аппараттын башчылыгына дайындоону ойлонуп атса, анда бул эң алгылыктуу кадам болмок. «Жандооч кийик аттырат» дейт. Дал ушундай кырдаалда президенттин айланасына таза, алысты көрө билген кадрлардын жетишпей атканы байкалууда, - дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости