www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элди аягылачы, саясатчылар!

Аксакалдан ак сөз

Менин жашым 77де. “Өмүрүдүн көбү кетип азы калды, көңүлдүн назы кетип, сазы калды” - дегендей. Анан ушул мезгил жөнүндө, мекенибиздин, элибиздин башынан өтүп жаткан көйгөлөрүнүн кантип оң жолго чечилиши жөнүндө ой бөлүшкүм келет, эл менен, өлкөнүн саясатчылары менен. “Эл бааран чечет”- деген менен, эл тагдырын ал өзү шайлаган бийлик чечет, бийликте олтурган адамдарыбыз чечет. Алар кимдер? Алар партиялар, президент, өкмөт, депутаттар – мыйзам ээлери. Муну баарыбыз билебиз.

Бирок алар эл тагдырын, мамлекет тагдырын жакшы чече албай, жалаң бийлик, байлык талашуу менен алек. “Мыйзам менен башкарабыз” деп мыйзам чыгаруу менен алек. Мыйзамдарды да а бирок, жакшы жөндөй алышпай жатышат. Азыркы президент менен экс-президент өз абийирлерин төгүштү го. Эми кандай болот? Эл, мамлекет ишенген жана аны башкарган эки адамыбыздын кейпи ушул болсо, алдыдагы келечегибиз кандай болот? Уят эле иш. “Мейли бул да өтөөр, иш оңуна кетээр” – деген гана сабыр менен жашап турууга туура келет. “Революция жасайбыз”- деп, өлкө өнүгө албады, балдарыбыздын өмүрү кыйылды.

Эми белгилүү саясатчылар жаакташып отуруп, кимисиники туура болсо, ошол жагына көпчүлүгү өтүшөөр. Партиялардын, байлардын акчасына, эл деле эми көп кызыкпастыр. Саясатчылар добушту элди көчөгө чыгарбай, ынындыруу жолу менен алышыңарды эл туура деп эсептейт. Ушундай жолду баарыңар кармансаңар демекчимин, ушуга чакырат элем. Эл добушун туура жол менен: билимдүүлүктүн, абийирдин, ынандыруу, ишендирүүнүн жолу менен алса дейбиз, бийлик сүйүүчү, биздин тагдырыбызды чечебиз деп белбайлаган партиялар жана саясатчылар. Элди дагы, өзүңөрдү дагы аягылачы! Чарчабайт да экенсиңер, күчтү кайдан аласыңар?

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости