www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келбей коюшундагы айрым соцтармактардагы пикирлер.

"Элдин баарын дүүлүктүрүп, дүрбөтүп, Кыргызстандын учу-кыйырына ач кыйкырыкты салып коюп, анан тарапкерлерине сөөмөй менен ортон колунун ортосунан баш манжасын чыгара (комбинация из трех пальцев) “ме сага!” деп келбей койгон Бабановду айрымдары ааламда жок гуманист жана кеменгер катары сыпаттап жатышат. Өллааа... Калыбы бизде акты көргөзүп, “бул кара” дегендер катмары пайда болду окшойт. Жаз келгенде мындай нерсени күтсө болот, анча-мынча ылаңдар козуп калган маал...
“Бабанов элдин тынчтыгын ойлоп келбеди” дегенди угуп, так түйүлө секирип кетесиң да. Элдин тынчтыгын ойлогон кеменгер болсо, Отуз-Адырда өзбек улутундагы шайлоочулар алдына чыгып, “Тик туруп өлгөн жакшы!” деп кыйкырмак беле? 2010-жылдагы каргашанын табы кете электе аларды көкүтмөк беле? Бул бир. 
Анан куйругун түйүп Орусияга качкан неме кайра Кыргызстанга жөн келбей, тарапкерлери аркылуу митинг уюштурмак беле? Элге-журтка саясий шоу жасап, акырында аргасы кеткен Алмазбек Атамбаевдин командасын кидать этмек беле? Бул эки. 
А беркилериң ызасына уугуп, карган-шилеп жатып калышты го чиркин... 
Бирок, Кыргызстанда акылы жайында, эси ордунда кишилер көп экен, эл үркүткүсү келгендер – Бабанов менен Атамбаев ит болушту. 
Эми ылайга чыланып алган соң “элди ойлодудан” башка эмнени айтышмак...

Так ушундай курчу пикирлерге бабановдун "вазирлери" кандай жооп берет болду экен. Кутө туралы!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости