www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин мамлекеттик жаназасы ал өлгөндөн 10 күндөн кийин - 18-сентябрда Вестминстер аббаттыгында өтөт. Бул тууралуу The Guardian кабарлады.

Басылма Елизавета II көмүлгөн жердин атын атап, анын сөөгү Виндзор сепилинин аймагындагы атасы король Георгий VIнын мемориалдык чиркөөсүнө коюла турганын билдирген. Кийинчерээк 2021-жылы каза болгон күйөөсү Принц Филипптин сөөгү ал жакка өткөрүлөт.

Виндзор сепилинин аймагындагы мемориалдык капелла (Сент-Джордж капелласынын бир бөлүгү) 1969-жылы ханыша Елизавета IIнин атасы, король Георгий VIнын элесине арналып курулган.

Падыша 1952-жылы каза болуп, алгач падышанын мүрзөсүнө коюлган, бирок мемориалдык чиркөө тургузулгандан кийин анын сөөгү ошол жерге көчүрүлгөн.

Эске салсак, 8-сентябрда британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында каза болду.

Мунун алдында Букингем сарайынын басма сөз кызматы британ ханышасынын ден соолугу начарлап, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганын билдирген.

Балморал сарайына британ ханышасынын тун уулу, тактынын мураскери ханзаада Чарльз жана анын жубайы Камилла, ошондой эле Чарльздын уулу ханзаада Уильям барды.

96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британияны 70 жыл башкарып, анын бийлиги учурунда 15 премьер-министр алмашты. Өлкөнүн мурдагы колониялары эгемендикке жетишти. Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал падыша тактыны 1952-жылы 6-февралда атасы Георгий VI көз жумганда ээлеген. Буга чейинки рекорд анын чоң энелери, тактыда 63 жыл 7 ай отурган ханыша Викторияга таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости