www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элвира Сурабалдиева, ЖК депутаты, жакында эле сиз менен болгон жагымсыз окуяны Курманбек Дыйканбаев тамашалаганын айтты. Сизди коркутууга эмне негиз болушу мүмкүн?
- Сөзмө-сөз чыгып президенттин өкүлу бул ачык коркутууга келип, 1 айдан кийин мындай болот, кыйкырып сүйлөгөн болду. Курманбек Дыйканбаев чыгарбай эле койбойсуңарбы деген. Президенттин жанында иштегенден, ага киргенден кийин бюджетке салым кошуш керек. Ошондуктан, түзмө-түз ажобузга шек келтирге адамдар болуп жатат. Бул маселени көтөрбөй тургандыгын суранган. "Кыял" базары боюнча ага иш козголуп, менин билишимче, ал сотко бериле турган иш болчу. 25 миң 400 чарчы метр мамлекеттик чөнтөгү да. Мугалимдердин, доктурларга бере турчу акча. Курманбек Дыйканбаев мына өзү суранган "кол коюп берип койбойсуңарбы", - деген. Негизи чоңунан кичинеси жаман деген сөз туура. Эжеке депутатыңарга айтып койгула дептир. Бир жагынан оозун жаптырып койгула деген туура эмес, билип туруп унчукпай койгон бул эки эсе туура эмес. Курманбек Дыйканбаев" Мен тамаша иреетинде айттым", - эле деп жатат.
Мен ал киши менен тамашалашпайм. Мен 40ка чыктым жакында. Парламенттен көтөрбөй эле койбойсузбу деп жатышат. Мен пикиримде президент аралашып көрүп жатат, президент болуп иштеген бул башкача, ал киши деле түшүнүп жатат. Мурдакы системди тушүнөт. Менин оюча Жээнбеков мындай адамдардан арылыш керек.
- Сиздин бул аракетиңизди пиар кылып жатат деп жатышат..
- Мен парламентке келгенде 12 миң добуш менен келгем, пара бербеген ар бир киши далилдеп берет, бул жерден парламенттен ойногонду мен түшүнбөйм. Пиар деген болсо, "үнү чыкпаган" депутаттардан эмесмин. Маңдайына жазылбаса анда келбейсиң депутаттыкка.
- Сиздин Фейсбук баракчасында жазган пикириңизди 83 миң адам көрүптүр көрүптүр...
- Буга чейин Орус драмтеатрдын жанындагы кафелер бюджетке бир да тыйын берген эмес. Учурда 280 миң доллар бюджетке салым болду. Ошол орусдрамтеатрдын жетекчиси Воробьевго түз келчү экен. Буга чейин аларды текшерген адамдар каякты карап жатышты? Бизде 12 текшерүүчү органдар кайда карап жүргөн? Азыр алар чалып жатышат, Бирок бул коррупция ошону иликтеп, аягына чейин чыгарыш керек.
- Сиз кечиримдүүсүзбү?
- Кыргызда баары кечиримдүү бол деп айтылат. Бул президентти ушундай уят кылып жатса, коркутса, мейли эми "Байке" деп койсом, ал менин апамды тааныйт, элдин көзунчө туруп алып коркутса, унчукпаган болсом мага баары бир болмок. Мен элге кызмат кылам деп келдим.
- Парламенттен эмне ала алдыңыз?
- 2014-жылы ишибизде абдан чоң чатак чыккан 300 миң сом пара сураганда, Валерий Диль түшүнбөй туруп, 6 ай комиссия иштетпей текшеришти. Бизнеске миллиондогон чыгым болду. Башынан аягына чейин 1 жылда канча акча кетти. Кыйынсыңбы, айткан сөзүңө тур. Эл арасынан атың чыгат. Минустары да бар саясатта, отуруп турганыңа чейин кыргызды уят кылбаш керек. Мен үй-бүлөмдү пиар кыла турсам, бат эле. Бирөөнү тепсең, ал бумеранг болуп 2 эсе кайра келип башыңа тиет. Кеп менин көк беттигим эмес. Жалгыз мен гана эмес, бир топ эле адамдар Курманбек Дыйканбаевдин заарына кабылган. Мени атам да мындай коркуткан эмес. Аягында отуруп алып, мен байкуштай сездим, мага окшоп шайлоодон да өткөн эмес. Өзүн өйдө сезген адам. Президенттин абройун гана ойлош керек болчу ал киши.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg