www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 11-июлда, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Түштүк Кореяга жумушка кеттип жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.
Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Бул жарандарды мыйзамдуу ишке орноштуруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга ылайык уюштурулган.
Базарбаев белгилегендей, мыйзамдуу ишке орноштуруу Президент Садыр Жапаровдун «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылып жатат.
«Өз убагында Түштүк Кореянын жарандары өнүккөн өлкөлөргө барып, андан кийин мекенине кайтып келип, аны жогорку өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жеткиргенин билебиз. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Түркия өз жарандарын Германияны калыбына келтирүүгө багыттап, бул адистер заманбап Түркияны курушкан. Бүгүн биздин министирлик Япония, Улуу Британия менен келишим түзүп, Германия менен келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө андан тышкары Санкт-Петербургдун өкүлү болгон компаниялар менен жолугушуу өткөрдүк, алар биздин өлкөдөн келген эмгек мигранттары үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр», - деди министр.
15 жылдан бери эмгек министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору Корея Республикасынын ишканаларында 5 миң кыргызстандыкты жумушка орноштурган.
Азыркы учурда Кореяда 2 миңге жакын кыргызстандык жаран EBS программасы боюнча иштеп жатат. Көпчүлүгү тамак-аш, кагаз өнөр жай ишканаларында иштешет.
Орточо эмгек акы 1800 долларды түзөт, бөлмө жана тамак-аш жумуш берүүчүнүн эсебинен.
Программанын негизги талабы-корей тилин тийиштүү деңгээлде билүү, 2022-жылы 1500дөн ашуун жаран корей тилин билүү тестине катышып, 360 адам ийгиликтүү өткөн.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 117 жеке агенттик бар.
Алар дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жарандарга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүшөт.
Ушул жылы Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлсө, Британия миң кыргызстандыкты иш менен камсыздоого даяр экенин кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg