www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Эмилбек Каптагаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "бети жок" экендигин айтып, социалдык баракчасына жазып чыкты. 

--"Атамбаев эми Текебаевди колдоптур, бети жок..." деген сыяктуу посттор, комментарийлер бул жерде жайнап кетти... Чынында эле Атамбаевде бет деле калбаптыр, калпты чындай койгулап айткандан алдыга эч кимди салбай калды... бул талашсыз факт. Бирок, жогоруда айткан сөзүндө Атамбаев Текебаевди эч кандай колдогон жок, муну так айтып, так түшүнсөк жакшы болот. "Текебаев учурда Парламетке керек..." дегени колдогону, бекер камап салыптырмын деп күнөөсүн моюнга алганы эмес... Анткени ал, биринчиден, Текебаевдин күнөөсү сотто далилденген деди, бул албетте калп сөз, экинчиден, Текебаев өз жазасын алды, жетишерлик отурду түрмөдө деди, бул дагы жанын жегендик... бейкүнөө камакта отурганын тангандык....

Ал эми анын "...Текебаев түрмөдө Атамбаевдин учуруна караганда Жээнбековдун учурунда көбүрөөк убакыт отурат..." деп жылаандын башын кылтыйтканында чындык бар... Чынын айтканда Текебаев менен Чотонов мындан бир жарым жыл мурда, Атамбаевдин былык иштеринин бети ачыла башталышы менен эле боштондукка акталып чыгыштары керек эле... Улам созуп, улам арылатып камакта кармап отуршукандары коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда, деп жазган саясатчы Эмилбек Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости