www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу шаар тургундары үчүн эмне себептен атамекендик «Белес» компаниясынын эмес, Кытайдын автобустары сатылып алынгандыгы боюнча билдирүү калтырды.

Анын айтымына караганда, Кытайдан сатып алынган 120 жүргүнчү ташуучу автобус газ менен жүрөт.

«Учурда «Эмнеге чет жактан алабыз, атамекендик «Белес» компаниясынын автобустарын алса болбойбу» деген пикирлер да бар. Аталган жергиликтүү компания унутта калтырылган жок. «Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө. Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө, 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, учурда «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат», – деген Султанбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости