www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сотто 16-июлда карала турган Өмүрбек Текебаевдин иши 21-августка жылдырылды.

«Ата Мекен» партиясынын жактоочулары нааразычылык келтирүүдө. Эми ЖМКларда, соцтармактарда активдүү иштегенге аракет кылышат.

Эске салсак, буга чейин Текебаевдин иши оң жагына чечилери болжонуп, эркиндикке чыга турганы айтылып аткан. А эмне үчүн сотту жылдырып коюшту?

Биздин баамыбызда, соңку убакта Алмазбек Атамбаев менен бийликтин тиреши жумшарганы, ортого тышкы чоң кучтөрдүн аралашканы, чегине жетип бараткан кырдаалды кайсы бир деңгээлде турукташтырып, эки тарапты жайгаруу маселеси коюлганын болжосок болот.

Албетте, бул саясый оюндун жүрүшү ачык айтылбайт. Мындай шартта Текебаевди түрмөдөн чыгарып жиберүү бийлик үчүн кооптуу болушу ыктымал. Атамбаев менен бир жаңсыл болуу, балким тирешүү иш-аракетгери жолго коюлса, анда Текебаевди темир тор артында дагы кармап турууга негиз түзүлөт.

Кандай жагдай болбосун, Атамбаев да, Текебаев да бул бийликке акыры оппозиция болору шексиз. Ошон үчүн Акүй билермандары экөөнү тең саясый аренадан алсыратууга, керек болсо сүрүп алууга далбасташат.

Себеби, 2020-жылдагы парлаенттик шайлоодо «Ата Мекен» менен КСДП баары бир элди бурууга, бийликтин партияларын өткөзбөө үчүн катуу күрөшкө барышат. Мындай шартта душмандарды «кебез менен мууздагандай» кылууга, алдыртан шайлоо амалдары көрүлөрү шексиз, - деп "АЗИЯnews" гезити өз пикирин коомчулукка жарылаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости