www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Адилет министри Марат Жаманкуловдун кандай иш алып барып жатканын шашпай айталы, бүгүн биз кыргызча билбегенин, кыргызча сүйлөй албаган «жетишкендигин» айткыбыз келип туру. Бакандай министрликти жетектеп олтурат, аты-жөнү таптаза кыргызча Марат Жаманкуловду кыргызча билбейт десек ишенбейт болушуңуз керек. Ишенбесеңиз барып баарлашып көрүңүз. «Так-калып, так-калып» сүйлөгөнүнө өз көзүңүз менен күбө болосуз, - деп жазып чыкты "De-facto" гезити.

Мейли орус мектепте окуп, орусча бала бакчада тарбияланды дейли. Балекет болгон күндө деле кыргыз болуп туруп эне тилин билбегенден уялбайбы. Жок дегенде министр болгондон кийин үйрөнүүгө далалат кылбайбы! Кыргызча бир ооз сөз билбеген Феликс Кулов деле азыр кадимкидей эле сүйлөп калды го. Кокус, моюнуна албай «Жок, мен кыргызча билем» десе жооп берсин, маңдай-тескей олтуруп алып маек кылалы. Тилибиздин кычуусун кандырып. Ушундай тилин жериген жетекчи кыргызга кандай кызмат кылып аткан болушу мүмкүн?

Адилет министрлигиндеги министрдин дарегине келген кыргызча каттарды орун басарлар окуп которуп берип атканын угуп атабыз. Кыргызча сүйлөп кайрылгандарга «можно по русски» деп жооп кайтарганын угуп атабыз. Деги эле бизге мындай министрдин кереги барбы өзү? Же эмне министр Марат Тургунбаевичти бала бакчадагыдай кайрадан окутушубуз керекпи? Балким, чын эле окутат чыгарбыз. Биротодо баарын башынан баштап үйрөтүп, кайрадан «сүннөткө» отургузсак кантет, ыя?!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости