www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-17-сентябрь күндөрү Талас жергесинде Колпоч баатырдын урпактарынын демилгеси менен кыргыз элинин тарыхында калган  Колпоч баатырдын мааракеси белгиленет.

Аталган иш-чара эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүмдө 7-кыргыз казак зыялаларынын  форумунун жана Колпоч баатырдын 320 жылдык мааракесини салтанаттуу расмий ачылышы болот. Бул бөлүктө Эр Эшимхандын урпагы болгон Колпоч баатырдын тарыхтагы орду, тарыхый мааниси, келечек муундарга болгон тарбиялык таасирлерин камтыган илимий иликтөөлөрү менен Кыргыз-Казак окумуштуулары баяндама жасашат. Ошону менен бирге жазуучу Нурбек Турандын “Колпоч баатыр” аттуу монография китебинин бет ачаары  жана эл аралык Түрк академиясы тарабынан жарык көргөн “Эр Эшим” жана “Жаныш Байыш” аттуу китептердин кыргызча жана казакча чыгарылышы менен коноктор тааныша алышат. Салтанаттуу мааракенин экинчи бөлүгү Колпоч баатырдын 320 жылдык мааракесине арналган улуттук оюндар менен уланат. Бул бөлүктө улуттук оюнубуз көк бөрү, аламан байге, кунан чабыш, ат чабыш улуттук кыргыз күрөш жана концерттик программа менен уланат. 

Маарекеге мамлекеттик катчы Сүйүнбай Касманбетовдун президенттин апаратынан Октябрь Капалов жана түрк академиясынын катышуусу да күтүлөт. Андан тышкары Казакстандан бир нече санжырачы, тарыхчы, окумуштуулары келет.  

Колпоч баатыр  1703-жылы төрөлүп, 1777-жылы көзү өткөн эл багаар баатыр. 18-кылымда  калмак баскынчыларынан коргогон, кыргыз жерин баскынчылардан бошоткон, элдин эркиндиги үчүн  күрөшкөн баатырлардын бири. Колпоч баатыр Эр Эшимдин урпагы болуп эсептелет. Эр Эшим  андан 100 жылдай  мурдараак кыргыз, казак элин бир эл, бир журт кылып асырап келсе, анын урпагы Колпоч улуу жолду улаган татыктуу урпагы болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости