www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путинге дан эгиндерин экспорттоо боюнча Кара деңиз келишимин узартууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу саясатчы Твиттердеги жеке баракчасына жазды.

«Мен Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Башкы катчы мырза [Антонио] Гутеррешке, Россиянын Президенти Путин мырзага жана Украинанын Президенти Владимир Зеленский мырзага келишимди узартууга эрки үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана аларды куттуктайм», - деп айтылат билдирүүсүндө.

Эске салсак, буга чейин Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбордун (БКБ) өкүлдөрү менен Эрдоган Орусия менен Украинадан азык-түлүк экспорту боюнча дан келишими 120 күнгө узартылганын тастыкташкан. Белгиленгендей, келишимди узартуу чечими россиялык азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоого тиешеси жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости