www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Тайип Эрдоган, Ливияда эл аралык мыйзамдуулукка ээ болгон Фейиз эл-Сарраж өкмөтүн колдоосун уланта тургандарын расмий билдирди. Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Стамбулдагы бетме-бет жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү. Бул тууралуу www.trt.net.tr билдирди.
Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) жана Европа өлкөлөрүнүн сириялыктарга дагы көп жана ылдам жардам берүүлөрүнүн бардык нерседен мурда адамзатка карата жоопкерчилиги болгонун белгилеп өттү. Жикчил террор уюму ПККнын жактоочуларынын Германияда түрктөргө карай кол салууларына токтолгон Эрдоган: «Элчилигибиздин кызматтык унаасы уюмдун мүчөлөрү тарабынан өрттөлдү. Бул кол салууларга дагы бир жолу наалат айтамын, айыптаймын»,-деди.
Ливиялыктарды бул татаал күндөрүндө жалгыз калтырбай тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Улуттук ынтымак өкмөтүнө колдоо көрсөтүү, БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2259 номердүү токтомуна ылайык тандоо эмес, жоопкерчилик. Түркия жана Германия катары маселелердин диалог жолу менен чечилишин алдыңкы планга коюп, тараптарды акыл-эстүү жана толеранттуулукка чакыруудабыз. Аймактык темаларда Германия менен диалогубузду күчтөндүрүп улантабыз»,-деп айтты.
Меркель жолгушууда «Идлибден качкандардын адамзат абалын оңдош үчүн материалдык салым кошууга даяр болгонубузду айттык. Ливияда морт ок атпоонун бекем ок атпоого айландырылышы үчүн аракет кылынышы керек»,-деп билдирди. Меркель, Идлибден Түркияны көздөй качкан жарандар үчүн брикет баш калкалоочу жай салууга колдоо көрсөтө тургандарын айтты. Меркель, Ливия темалуу Берлин конференциясында кабыл алынган заттардын БУУнун Коопсуздук кеңешинде бекитиле турганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg