www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган сентябрда орус лидери Владимир Путин менен “бетме-бет” жолугууну күтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Венгриядан кайтып келери менен учакта журналисттер менен сүйлөшүп жатып билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.
“Сентябрда Индияда “Чоң жыйырмалыктын” жыйыны жана АКШда БУУнун Башкы Ассамблеясы болот. Эгерде биз бул бош чөйрөдө мүмкүнчүлүк тапсак, Путин мырза менен бетме-бет жолугуп сүйлөшөбүз”, - деди ал.
Түрк президенти ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Мидан жакын арада Россияга барарын, анын ичинде дан келишими боюнча ишти улантуу да бар экенин четке каккан жок.
Эске сала кетсек, буга чейин РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин менен Эрдоган жолугушуунун ордун жана датасын жакынкы аралыкта так аныктоого макулдашканын билдирген. Мүмкүн болгон сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде эки тараптуу мамилелер, Украинанын айланасындагы кырдаал жана дан келишими сыяктуу бир нече маселе бар.
Булак: NazarNews.kg