www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркекмин.. Бирок эркектерди жактырам..

Эркекмин. Жигиттерди жактырып калам деп эч качан ойлобогом. Бирок, алардын бирөөсү менен дагы жыныстык катнашка барууну каалаган эмесмин. Мен өзүмдү “гей” деп эсептебейм.  Сезимим эки тараптуу эмес, ыплас иштерди кылганым жок. Кадимки эркектей болуп эле жүрөм. Эмне кылсам болот?

Саламатсыздарбы! 10-классмын, сүйлөшкөн кызым бар. Кечээ коңшу класстагы бала мени жактыраарын айтты, каршы болгон жокмун. Сүйлөшкөн кызымды да, тиги баланы да жакшы көрөм. 

Бул “гей” же “лесбиянка” десе шарт бурулуп жеп жиберчүдөй карайбыз. Ачуусун токтото албагандар баса калып ур-токмокко алып жибериши да мүмкүн. Кумсаларга кандай мамиле кылуу керек? Сөз биздин эксперттерде.

Кадыр Маликов, теолог:

Ислам башка диндер сыяктуу бир жыныстуу мамилени айыптайт. Бул чоң күнөө болгонуна карабастан, батыш маданиятынын жайылышы менен коомубузда бир жыныстуу мамилелер көбөйүп, жашыруун пропагандаланып жатканы өкүнүчтүү.

Кандай мамиле кылуу керек?

Өзүбүз сот болуп, аларды басынтып, маскаралаганыбыз туура эмес. Кумсалар адашып калган адамдар, туура жол көрсөтүп коюу керек. 

Бактияр Токтогазы уулу, Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси:

Кумсалык - оор күнөө, кудайга жакпаган иш. Аял жана эркектин өз функциясы бар. Бир жыныстагы адамдардын баш кошуусу терс көрүнүш. Никенин эң негизги максаты – тукум уулоо.

Кандай мамиле кылуу керек?

Кумсаларды бардык эле адамдар таанып биле албайт. Ал үчүн далил же адам өзү “мен кумсамын” деп айтышы керек. Мындай адамдарды ур-токмокко алган болбойт. Жөнөкөй жаран катары туура эмес кылып жаткандарын түшүндүрүп коюушубуз зарыл. Мыйзам тарабын атайын органдар чечет. 

Илья Комаровер,  сексолог, психотерапевт:

Бул адамдар тобу -  коомубуздун бир мүчөсү, жаныбызда жашайт, биздикиндей укук жана милдеттери бар. Эгерде алар жашоо образын активдүү пропагандалабаса көйгөй жок, ар ким өзү каалаганын жасайт. Мыйзам чегинен чыгып, гомосексуализмге үндөсө кеп башкада болот.

Кандай мамиле кылуу керек?

Кумасаларга кандай мамиле кылуу керектигин ар бир адам өзү чечет. Болгону чектен ашып кетпөө зарыл.

Булак: "Билесиңби"

Последние новости