www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда орточо айлык акы 15-16 миң сомдун тегереги. Бирок, реалдуу турмушта андан алда канча төмөн алган жарандар миң деп саналат. Жакында эле энергохолдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын маяна акысы 100 миң сомдун тегереги экендиги малым болуп, карапайым элдин чоң нааразычылыгын жаратып отурат.

Буга чейин ызылдап келген экс-депутат Акылбек Жамангулов учурдагы “Мегаком” байланыш операторунун директору:

“Мегаком боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, кагаздарын сурасак жооп бербей жатышат. Эсеп палатасынын Мегакомду текшерген акыркы 4 жылдагы отчетун, актыларын карап чыктым да, ал жерде 1,5 миң киши иштейт экен. Ошол 1,5 миң кишинин орточо айлык акысы ар бирине 66 миң сомдон чыгат экен. Мегакомдо жыл сайын 1,5 млрд сомдук киреше түшпөй калып жатат, ошол эле учурда алар 40 млн сом акчаны жыл сайын спонсорлукка жумшашат экен. Тактап көрсөм ал акчаларды алар өздөрүнүн айылдарына, туугандарына беретэкен.”-деп тызылдаган жаңы директор эми өзү бул кызматка келип, олчойгон маянасын кыскартабы же ошол бойдон калтырабы? Деген суроонун үстүнөн жооп издегендер көп.

Бул тууралуу өзүнөн бир маалымат алалык десек телефону өчүрүлгөн, ал эми социалдык тармактарда буга чейин өтө  эле активдүү болгон экс-депутат, Мегакомдун азыркы  директору айлык акысы боюнча бир да сөз козгобоптур.

Кененирээк кабарчыбыздын кийинки видео материалынан көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости