www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошко жылуулук 1-ноябрда берилет

Ош шаарында жылуулук 1-ноябрдан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук түшкөнүнө байланыштуу 1-ноябрдан баштап Ош шаарына жылуулук берилет. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Мындан тышкары электр тармактар ишканалары калкты электр энергиясы менен камсыздоого, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын “Ошгаз” филиалына газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдеттендирилди- деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости