www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция массалык мушташ учурунда бычак жеген балдардын окуясынын чоо-жайын айтып берди. Учурда массалык мушташка катышкандардын бирөөсү кармалды.
24-февраль күнү саат 1.57де Биринчи Май райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө "Ала-Тоо" аянтындагы массалык мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ чыгып кеткен, бирок жерине келгенде эч кимди тапкан эмес. Бир нече убакыттан кийин шаардык ооруканалардын биринен бычак жеген 19 жаштагы эки жигит түштү деген кабар келген. Бирөө операция маалында үзүлгөнү белгилүү болгон деп билдирет милиция кызматкерлери.
Окуя 24-февраль күнү орун алган. Бир нече жигит ижарага алган батирде биринин туулган күнүн майрамдап, отурушка эки кызды чакырышат. Бир аздан соң жигиттер менен кыздардын ортосунда чыр чыгып, конокко келген кыздар телефон аркылуу өз тааныштарын чакырышат.
Жардамга келген балдар менен туулган күн майрамдап жаткан жигиттердин ортосунда мушташ чыгып, экөө бычак жеген. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин үчүнчү бөлүгү ("Ден соолукка оор залака келтирүү") менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Милиция бычак урган деп 23 жаштагы Т.А. аттуу адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg