www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Эркингүл Иманкожова менен баарлашып, Атамбаевдин ыксыз сындары боюнча сүйлөштүк.

 Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековду Бакиевдин жолуна түштү деп сындады. Сыны орундуу эле болдубу?

-Орундуу деп айта албайм. Анткени, Алмазбек Шаршенович өзү убагында кысым көрсөттү, күнөөсүз адамдарды камады. Текебаевди, Чотоновду, Салянованы   ченебей азапка салды. Ал тургай журналисттердин үй мүлкүн тартып ала турган  чечимдерди чыгартты. Эми тынч отурбай ыгы келсе да, келбесе да азыркы бийликти сындоо менен убара болуп жатат.

-Коомчулукту дүрбөлөңгө салган шайлоо кассасын экс-президент Илмиянов камалбаса чыкмак эмес деген оюн айтыптыр.  Ошончо акчанын баарын Илмиянов таап келип,  жыйынтыгында ошол акчанын кесепетинен  камакка алынганбы?

-Бул маалыматты атайын чыгарышты. Илмияновго байланыштуу болсо, ал камакка алынганда эле чыгарышмак.  Анын үстүнө Икрамжан  Илмияновдо анча каражат таба турган мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, эл аралык аренада анча акча тапкыдай авторитети жок да. Анын камалышына шылтоолоп чыгайын деген. Чыкпай турган сөз эле чыгып кетти өзү эле кылышты. Анткени, ал катты жарыялаган адвокат Атамбаев менен Жээнбековго нааразы адам берди деп жатпайбы. Коомчулукту дүрбөтүп алып, эми айлаларын таппай жатышат.

Атамбаевдин айтканына ишенсек партиянын бухалтери да айласыз качып кетиптир. Ал акчаны “бер” десе бергендир. “Акчаны кириште” десе кириштегендир. Кыскасы, өзүнүн жумушун жасагандыр. Бирок, эч ким ал адамды сурай электе эле өлкөдөн чыга качканы кызык болуп жатат. Балким, аны саясатты кызытыш үчүн атайын чыгарып жиберишкендир.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости