www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылда аткарган иштери жана 2026-жылга карата аткарылуучу иш пландары каралган жыйын болуп өттү.
Отурумда алгач министрликтин жалпы ишмердүүлүгү, өлкө боюнча жасалып жаткан республикалык деңгээлдеги жолдордун курулушу, жолдорду куруу ишине бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү, ведеомствону санариптештирүү багыты, алдыдагы иш пландар жана маселелер тууралуу министр Талантбек Солтобаевдин маалыматы угулду.
Маселен, 2021-2025-жылдар аралыгында жол тармагын каржылоо динамикасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине республикалык бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражат эки эсеге өскөн.
Аны менен катар өлкөдө жол куруу жана оңдоо иштеринин көрсөткүчү жогорулаган. Республика боюнча министрлик 2021-2025-жылдары 3 684,2 км жол бүткөрсө, анын ичинде 2025-жылы 1 545 км жол бүткөрүлгөн.
Ал эми, 2026-жылга карата министрлик өлкөнүн жол тармагына бекитилген бюджетине ылайык 1 500 км ашуун жолдорду куруу жана оңдоо иштерине милдеттендирилген. Мындан тышкары, учурда өлкө боюнча 30га жакын негизги маанилүү долбоорлор боюнча объектилерде пландуу иштер аткарылууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков быйыл Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусундагы саммитти, кезектеги Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык иш-чаралар пландалганын айтып, ага байланыштуу үстүбүздөгү жылга жол тармагы боюнча коюлган пландарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну тапшырды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакында эле өлкөнүн Ош облусунун эли менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн жол маселелерин ыкчам чечүү керектигин эскертип өттү. Мындан тышкары, жайкы туристтик мезгилге карата жолдорду ачууну, кеңейтүүнү, жол жээктерин ирээтке келтирүү боюнча иштерди күчөтүлгөн тартипке алып баруу керектигин кошумчалады.