www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этти экспорттой баштайбыз

Бажы бирллигинин алкагында Кыргызстандын ветеринардык лабораториялар тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин ченемдерине туура келээри айкын болуп, мындай укукка ээ болуш үчүн Кыргызстан бир топ иштерди аткарып, лабораториялар менен жабдылып, ишкерлерге чыгарган өндүрүмүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлдү. Мындай чечимге өкмөт тарабынан кол коюлуп, ага ылайык, Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурдан тартып бул көйгөйлүү маселе болуп келген.

Ушундан улам биздин өндүрүүчүлөр товарын ЕАЭБ аймагында эркин сата алган эмес. Бул чечимге кол коюлгандан баштап жергиликтүү өндүрүүчүлөр өз өндүрүмүн интеграциялык биримдиктин аймагында тоскоолдуксуз сата баштайт,
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенине быйыл төрт жыл болду. Алгач Орусия менен Беларус Бажы биримдиги катары түзгөн бул уюмга кийин Казакстан жана Армения кошулган. Бирок «ветеринардык талаптарга жооп бербейт» деген чектөө Кыргызстанга карата гана колдонулуп келген болчу.

Булак: "Факты.kg"

 

Последние новости