www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда бийликтин белгисиз тарапташынын кайрылуусу тарап жатат. Колдонуучулар бул видеотасмадагы Өмүрзак Бейшем деген ат менен катталган жаран экенин ИИМ эмне үчүн чара көрбөй жатканына кызыгып жатышат.

Видеодо көрүнүп тургандай белгисиз жаран «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаровго жана бийликтин чечимдерине каршы чыккандарга карата кастыкты козуткан жана кемсинткен акарат сөздөрдү айткан:

«Эй, Адахан деп айтам мен сени, уктуңбу?! Шакалсың деп айтам мен сени. Кел мага, бетме-бет сүйлөшөм сени менен. […] Силер сабырыбызды кетирип жатасыңар. Ар бирөөңөрдүн үйүңөргө барабыз. Азыркы бийликке каршы чыккан кимиң болбосун, үйүңөргө чейин барабыз.»

Ошондой эле ал жаран бийликке каршы чыккандарды таш бараңга аларын, жоопкерчиликти өз мойнуна ала турганын кошумчалаган:

«Мен лично көтөрөм элди. Анан мени камагыла, мен жооптуу болом элим үчүн. Бирок мен элди көтөрүп барам. Ар бирөөнүн үйүн талкалайбыз. Кыргызстанда качасыңар же баарыңарды таш бараңга алабыз. Ошончолук акылдуу болсоңор мени сотко бергиле»

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактардагы тараган мындай видеолорду талдоого алып, саясий-филологиялык  экспертиза жүргүзүп,  «Кылмыш жаза» кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) менен тийешелүү чара колдонушу керек.  Анткени анын айткандарында кастыкты козутууга, жаңжалга чакырыктар бар экени даана көрүнүп турбайбы?

Булак: http://ua.kg/

Последние новости