www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада пандемиядагы чектөөлөргө каршы акция өттү

Европанын бир нече шаарында ишембиде коронавируска каршы эмдөөнүн эрежелерине нааразы болгон он миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Францияда акцияга 160 миңдей киши катышты. Алар ресторан жана башка коомдук жайларга атайын уруксат менен киргизүүнү милдеттендирген мыйзам долбооруна каршы болушууда. Демонстранттар бардык медициналык кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүүгө дагы каршылык билдирип жатышат.

Негизинен акциялар тынч өттү. Парижде чогулгандардын бири күч кызматкерине отургуч ыргытып жибергенден кийин полиция акцияны суу бүркүгүч техника менен кууп таратты. Францияда музей, кинотеатр, туристтик жай жана башка коомдук жайларга атайын уруксат менен киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Уруксат алуу үчүн жарандар эмдөөдөн өтүп жана коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ушундай эле акция Италиянын Рим жана башка шаарларында өттү. Италияда дагы өкмөт коомдук жайларга кирүү үчүн оорубаганын тастыктаган уруксат талап кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости