www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада комитети беткап тагынбаган спортчуларга чара көрөт

Жапониянын The Mainichi маалымат агентиги Эл аралык олимпиада комитети Олимп оюндарынын ачылыш аземинде айрым спортчулардын беткапсыз катышканына көңүл буруп, санитардык эрежелерди сактоого чакырганын жазды.

Комитет өкүлдөрүнүн 24-июлда берген маалымат жыйынында Олимп оюндарынын аткаруучу директору Кристоф Дуби беткап тагынбагандарга чара көрүлөрүн эскертти.

Басылма олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстан, Тажикстан жана Пакистандын делегация мүчөлөрү беткап тагынбай чыкканын белгилеген.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. Ага дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Оюндарда жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости