www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиядагы Макс Планк институтунун жана Тюбинген университетинин окумуштуулары 1500-3500 жыл болгон 90 египеттик мумиялардын геномун калыбына келтиришти. Аны талдап көрүшүп, байыркы египеттиктер африкалыктар эмес экендигин аныкташты. Фараондордун айрымдары түрктөр болсо, дагы бирлери азыр Израиль, Иордания, Сирия, Ливан, Грузия жана Абхазия жайгашкан түштүк европалыктар болуп чыккан.
Мындан бир аз мурун Цюрихтеги iGENEA генеологиялык борборунда Тутанхамондун мумиясынын генин изилдешкен эле. Анын жыйынтыгында, Тутанхамондун геному европалыктардыкы менен окшош болуп чыккан.
Мындан улам фараондор жергиликтүү элден чыккан эмес экендиги аныкталган. iGENEA борборунун директору Роман Шольщ: “Жалпы Египет падышаларынын жана европалыктардын түпкү теги мындан 9 жарым миң жыл мурда Кавказда жашаган деп ойлоп жатабыз. 7 миң жыл мурун алардын урпактары Европага тараган, кимдир бирөө жарымы Египетке жетип, фараон болуп алган окшойт”, -дейт.
Булак: "NazarNews.kg"