www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов Кыргызстанга келер менен Жер үй алтын кенине берилген 100 миллиондун дайынын билгизбей кеткен бир тууган жээни Жээнчороевди лидер кылгысы келди, ошондуктан 2017-жылы президенттик шайлоодо Жээнбековго каршы маалымат тараткандай, Турускуловго каршы маалымат тарата баштады. Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын айрым депутаттары лидер алмашары тууралуу маалымат калп экенин айтышты. Эл өкүлдөрү Руслан Казакбаев, Табылды Тиллаев жана Кенжебек Бокоев мындай сөз фракцияда, партиянын саясий кеңешинде жана депутаттар арасында болбогонун  билдиришти. Буга чейин айрым маалымат каражаттар фракция лидери Жыргалбек Турускуловдун ордуна Мирлан Жээнчороев келе турганын жазышкан.

Былтыр фракция лидери алмашып Турускулов Руслан Казакбаевдин ордуна келген. Фракция мүчөсү Мирлан Жээнчороев Казакбаевге лидерликтен алына турганы айтылбаганын билдирген. Фракциянын айрым мүчөлөрү лидерди алмаштырууга олуттуу саясий себеп болбогонун, депутаттар арасында ротация жүргүзүү максатында гана ушундай чечим кабыл алынганын айтышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости