www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кумтөр долбоорунун ишине байланыштуу парламент токтомдорунун аткарылышын талкуулайт.

Мындан сырткары кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд Инк.” компаниясынын ортосунда кол коюлган “Инвестицияларды өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык макулдашуунун” аткарылышы жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат бере турганы айтылууда.

Кыргыз өкмөтү менен "Centerra Gold Inc" компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тараптын милдеттенмелери жазылган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн. доллар каражат келип түшмөк. Өкмөт каржынын көлөмүнө макул болбой, сүйлөшүүлөр жүргөн.

Өкмөттүн маалыматында быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан 77 млн. доллардан ашуун каражат алат. Анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна 7 млн. доллар түшкөн . 

Последние новости