www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев Мажбурлап аткартуу бюросунун облустук башкармалыгынын жетекчисин тилдеп, “ичеги-кардын чубап, аны менен башын ороп салам” деп коркутканы айтылууда.
Аудиожазуу жөнөткөн ишкер, окуя 22-майда обулустук администрациянын жыйыны учурунда болгонун билдирди. Аким чиновникти оозго алгыс сөздөр менен тилдеген.
“Жашооңдун беш-он жылы түрмөдө өтөт. Сен МАБ башчысы болосунбу, башкасы болосуңбу, мага айырмасы жок. Өзүмдү зорго кармап турам, болбосо ичеги-кардыңды чубап, башыңа ороп салмакмын”, – деп коркуткан Шухрат Ганиев.
Ал Мажбурлап аткартуу бюросунун аймактык башкармалыгынын жана салык инспекциясынын башчылары Ташкенттен экенин жана Фергана облусуна зыян келтирип жатканын баса белгилеген.
Аким эгер чиновниктер май айында план толтура алышпаса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”