www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин “Алтын Казык” конушунун тургуну 9 жаштагы жээнин машина менен 20 метрдей сүйрөтүп сабаган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-апрелде Биринчи Май райондук милициясына жаш баланын кордолуп сабалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге  барганда, баланын таекеси “таенесинин акчасын урдады” деген  айып менен, тарбиялоо максатында баланы  BMW маркасындагы унаа менен 20 метрдей сүйрөткөн.

Баланын энеси учурда Орусияда мигрант катары иштеп жүргөн. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости