www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын ханзадасы Гарри анын жубайы Меган Маркл жана  уулу Арчи быйыл Рождество майрамын салттан тышкары Улуу Британиянын ханышасы Елизаветта II менен бирге тоспойт. Мындай көрүнүш ханышанын хансарайында алгачкы жолу орун алып жатат. Бул тууралуу Букингем сарайы атайын расмий билдирүү дагы таратты.

Анда маалымдалгандай ханзада Гарри жана анын үй-бүлөсү рождествону Мегандын апасы Дория менен бирге белгилешет. Бирок маалыматта алар майрамды кайсыл өлкөдө белгилээри айтылган эмес. Көбү болжолдуу түрдө Американын Калифорния штатын айтып жатышат. Анткени, Меган Маркл ошол жерде туулуп өскөн, апасы дагы Лос-Анджелесте жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости