www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Төрага Дастанбек Жумабеков жетекчилик кылган жыйынга кеңештин мүчөлөрү, Өкмөттүк мекемелердин, бир катар коомдук уюмдардын жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Алгач ишкердик субъектилерин текшерүү тартибине байланышкан мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, Төрага Дастанбек Жумабеков ишкердик чөйрөсүнө керектүү шарттарды түзүү мамлекеттин алдыга койгон максаттарындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ага ылайык, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек экенин айткан Төрага: “Сунушталган өзгөртүүлөр тыкыр иликтенип, кеңири талкуулангандан соң кабыл алынуусу зарыл”, – деди.

Ошондой эле жыйында салык талаш-тартыштарын сотто жана сотко чейин кароо этаптарын жакшыртуу маселеси да талкууланып, “Кыргыз Республикасынын Салык кеңешчилеринин палатасы” кесиптик коомдук бирикмесинин төрайымы Татьяна Ким айрым жагдайлар сот тарабынан узак мөөнөттө каралып жатканына токтолду. Муну менен катар салык маселесине байланышкан талаш-тартыштарды кароого көз карандысыз салык эксперттерин тартуу менен өзүнчө институт түзүү сунушу берилди. Талкууда аталган багыттагы соттук жараяндардын корутундулары тууралуу да сөз болуп, аппеляциялык жана сот инстанциялары кабыл алган чечимдердин укуктуулугун камсыздоочу мыйзам долбоорлордун топтомун иштеп чыгуу зарылчылыгы белгиленди. Ага ылайык, бул жаатта атайын жумушчу тобун түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кеңештин жыйынында жарандардын ден-соолугун тамекинин кесепеттеринен коргоо маселесине байланышкан мыйзам долбоору да каралып, демилгечи топко мыйзамдын жөнгө салуучу таасирин талдоону кайрадан өткөрүү сунушу айтылды.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости