www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уран кенин иштетип жаткан ишкананын лицензиясын Кыргыз өкмөтү кайтарып алды. Чалгындоо токтоп, кызматкерлер үйлөрүнө тарады. Буга карабай бүгүн Атамбаевдин уюштуруусу менен Равшан Жээнбеков коштогон митинг болуп өттү. Тилекке каршы жыйынтыгы жакшы болгон жок, сөз сүйлөй албады.
Ага, кыргызга күймөк түгүл, кыргыз тилин булдуруктап эптеп сүйлөгөн НПО өкүлдөрү, Атамбаевди өргө эмес, көргө сүйрөгөн маңыроо вазирлери, "Зима не будет" деп элдин боорун эзген Арстан Алайдын жардамчысы, 8-мартта гей параддын активдүү катышуучусу Улан Үсөйүн келди. Калганы жалаң батыштын гранттары менен иштеген НПО өкүлдөрү катышты.
Атамбаевчилерге уран кенинин жабылышы же иштей бериши деле маанилүү эмес болчу. Эптеп шылтоо таап, көчө таптап кыйкырып туруу гана. Болбосо, кечээ Өкмөт так позициясын айтып уран кенин жаап, кызматкерлерин тараткан. Элдин талабы аткарылды. Ага карабай аянтка чыгып алып кыйкырып жаткандарын кара. Ошентип митингге агы, көгү, көзү ачыгы чыкты. Жөн эле удургуй бербесеңер жолдоштор!
Төмөнкү сүрөттөн келгендердин ким экенин көрүп алсаңар болот!
Булак: NazarNews.kg