www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Англиялык генерал-майор Крис Гика, видео-конференция ыкмасы менен АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) кошулуп Ирак жана Сириядагы операцияларга карай суроолорго жооп берди. Бул тууралуу trt.net.tr сайты жазып чыкты.
АКШ баштаган ДЕАШка каршы коалициянын командиринин орун басары генерал-майор Крис Гика, жикчил террордук уюм ПККнын Сириянын түндүк-чыгыш жагындагы уландысы ЙПГнын мүчөсү террористтерге билим бергендерин моюнга алды.
Англиялык генерал-майор Крис Гика, видео-конференция ыкмасы менен АКШнын Коргоо министрлигине (Пентагон) кошулуп Ирак жана Сириядагы операцияларга карай суроолорго жооп берди.
Сириянын түндүк-чыгыш жагында ырааттуулукту камсыздоо иштерине карай саясий сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын билдирген Гика, АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффринин бул темада Түркия жана СДК ысымын колдонгон жикчил террор уюму ЙПГ/ПКК менен сүйлөшүүлөрүн улантканын айтты.
Коалициянын СДК ысымын колдонгон террордук уюм ЙПГ/ПКК чатырынын астында 40 миң кишилик «коопсуздук күчүн» окутуусуна карай суроого жооп берген Гика: «Түндүк-Чыгыш Сирия тууралуу так санын айта албаймын, анткени ал жер бираз сезимтал жер. Бирок, 30 менен 40 миң санына карай туруктуу түрдө баратабыз»,-деди.
Булак:NazarNews.kg