www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда Федералдык Конституцияны Коргоо Уюму (ички чалгындоо кызматы) Исламга каршы Ашкере-оңчул "Германия үчүн альтернатива" партиясын тыкыр териштирүүгө алат.

Федералдык Конституцияны Коргоо Уюмунун берген маалыматында "Германия үчүн альтернатива" партиясы эркин демократиялык баалуулуктарга каршы саясат жүргүзгөндүгү аныкталган.

Андагы маалыматта өзгөчө партия лидерлеринин жана мүчөлөрүнүн айткандары адамдын кадыр-баркына шек келтирет деп мүнөздөлгөн. Аларды агент жайгаштыруу сыяктуу чалгындоо куралдарын колдонуп, системалуу түрдө териштирүү жүргүзүлбөй тургандыгы айтылды. Андыктан партиянын иш аракеттерине иликтөө жүргүзүү катары каралаары билдирилди. Ички чалгындоо кызматынын системалуу түрдө "Германия үчүн альтернатива" партиясы коомго ачык жасаган иш-аракеттерин карап чыгып, ачык-айкын булактардан маалымат топтоо экендиги билдирилди.

"JungeAlternative" (JA) жана "Der Flügel" аттуу партиянын жаштардан турган оң канатында да "чектен чыгуу иш-аракеттери"байкалгандыгына байланыштуу белгилердин бар экендиги билдирилген. Андагы маалыматта, чалгындоо кызматы тарабынанбул эки түзүм “шектүү” катарында каралаары маалымдалган. Аталган партиянын иш-аракеттерин жакындан иликтөөгө алуу боюнча айтылган "JA" жана "Der Flügel" түзүмдөрүнүн чектүү өлчөмдө коопсуздук кызматытарабынан көзөмөлгө алынаары жана мындай түзүмдөрдө иштеген кишилердин маалыматтары топтолоору билдирилген.

"Германия үчүн альтернатива" партиясы укугун мыйзам чегинде талашат

"Германия үчүн альтернатива" партиясынын лидери Александр Гауланд (Alexander Gauland) Берлин шаарында берген маегинде Федералдык Конституцияны Коргоо Уюмунун чыгарган чечими далилсиз экендигин айтып, бул чечимге каршы укуктук жолдорго кайрылаарын билдирди .

Ички иштер министри Horst Seehofer болсо улуттук коопсуздук кызматы чыгарган чечимди кубаттап, “Укуктук мамлекет өз ишин так аткарууга милдеттүү”,- деди.

“Seehofer" “Германия үчүн альтернатива” партиясын “иликтеп чыгуу” катары гана кароонун туура экендигин баса белгилеп, чалгындоо кызматы чыгарган чечиминин саясий мүнөздө делген көз карашты четке какты.

Конституцияны коргоо уюму аймактардан келген маалыматтардын негизинде "Германия үчүн альтернатива" партиясын дыккат иликтеп чыгуу чечимин чыгарды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости