www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар бүгүнкү жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы баштапкы профессионалдык агенттигинин финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүм башчысы Талантбек Тынысовду анын үстүңкү кийип келген кийими үчүн Жогорку Кеңештин жыйынынан кууп чыгышты.
Буга себеп болуп бөлүм башчынын жыйынга футболкачан, галстугу жана ак көйнөгү жок келгени болгон.
Устав боюнча мындай жерге чакырылгандар тийиштүү кийим кийип келүүсү тийиш.
"Сиз эмне парламентке эс алуу жайынан келдиңизби? Эмнеге Жогорку Кеңешке футболкачан келесиз?"- деп нааразы болгон депутаттарга ал мындай жайга ал эртең менен эле билгенин жана аргасыз келе турганын билдирген.
«Бул сизге базар эмес! Эмне үчүн чакырылгандардын кийимин эч ким көзөмөлдөбөйт? Аппарат кызматкерлери, силер эмнени карап жаттыңар? Сиз болсо жыйындан кете берсеңиз болот, анысы деле каттоодо жоксуз», - деди вице-спикер Мирлан Бакиров. Мындай сөздү уккан Тынысов шашкан бойдон Жогорку Кенештен кетүүгө аргасыз болду.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg