www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гренландиядагы ири мөңгү катмары бул жылы эң жогорку жукаруу деңгээлине жетти. Эрүү жалпы дүйнөдө деңиз деңгээлинде 1 миллиметрден ашыкча жогорулоого жол ачты.

Изилдөөчүлөр эрүүнүн ылдамдыгынан тынчсызданышууда.

Гренландия Британиядан жети эсе чоңдукта муз менен капталган аймак. Өткөн отуз жылдын ичинде Гренландиядагы эрүү чоң өлчөмдө өстү. Ал түгүл өлчөөлөрдө 15 жылда мөңгү деңгээлинде 100 метрдик бир төмөндөөнүн болгондугу байкалды.

Кээ бир изилдөөлөргө караганда деңиздерде 2 миллиметрге чейин жогорулоо болгон. Мөңгүлөр экологиялык булгануудан улам актыгын да жоготууда. Бул да мөңгүлөргө чагылган күн нурунун дагы көп алынышына жана эрүүнүн ылдамдашына жол ачууда.

Париж Климаттык Келишиминин негизинде зыяндуу газдардын чыгышын азайтуучу чаралар көрүлдү. Бирок мөңгүлөрдөгү кичирейүүнүн ылдамдыгы чоңоюу ылдамдыгын ашкандыктан мезгил ичинде жок болуу коркунучу тынчсыздантууда, деп "trt.net.tr" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости