www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова жана анын тегерегиндеги адамдардын кылмыш ишине тергөө жүргүзүүнү аягына чыгарды. Бул тууралуу өзбек басылмалары маалымдады.
Маалыматка караганда, прокуратуранын айып коюу менен чыгарган жыйынтыгы сотко жиберилген. Өзбекстандын алгачкы өлкө башчысы Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова акча опузалаган, бюджеттик каражатты уурдаган жана кылмыш жолу менен табылган чет өлкөдөгү кирешелерди карактаган деген күнөө коюлууда.
Эске сала кетсек, Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган.
Булак:NazarNews.kg