www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гвинеяда таштанды көчүп, 30 адам каза болду

Гвинеянын борбору Конакри шаарында ири шаардык таштанды полигонунда таштандынын чоң көлөмү көчүп түшүп, 30 адам каза болду. Бул тууралуу Associated Press жарандык коргонуу кызматына шилтеме берип билдирди.

Катуу жаандан улам Дар-эс-Салам таштанды полигонунда топтолгон таштандылардын чоң үймөгү жылып кеткен. Натыйжада таштанды полигондун этегинде жайгашкан алачыктарды жана убактылуу курулуштарды басып калган. Алты адам оор жаракат алып, бир нече үй талкаланган. Учурда кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, таштанды полигону жекшемби күнү жабылган. Буга чейин анын жанында жашаган тургундарга көчүрүлүү тууралуу эскертүүлөр берилген. Айрым үй-бүлөлөр бул аймактан көчүп кеткени менен, кырсык болгон учурда көпчүлүк тургундар ошол жерде калышкан.

Последние новости