www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара сылыктык сапарынын алкагында өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулоого арналды.

Баарлашуунун жүрүшүндө  кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мыкты тажрыйбалар менен алмашуу, заманбап санариптик чечимдерди киргизүү, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузууларды алдын алуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жана чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара  аракеттенүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын ырасташты.
 

Последние новости